• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ИИМге өзүм келдим деген мурдагы милиция кызматкери Абдисатар уулу камакка алынды

28 Жетинин айы 202411:54 Бишкек Govori.TV

Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Тимур Абдисатар уулу 20-январга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сот мындай чечимди 27-ноябрда кабыл алган.

Мурдагы милиция кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен айып коюлууда.

Эске салсак, ИИМ Тимур Абдисатар уулуна издөө жарыяланганын 25-ноябрда билдирген. Ал 26-ноябрда ИИМге өзү барып, тергөөдөн качпаганын, издөөгө алынганын билбей жүргөнүн айткан.

Количество просмотров: 329