• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Икрамов: Депутат болуп шайлангандан кийин диплом текшерүү мыйзамсыз

6 Чын куран 2022 16:25 Бишкек Govori.TV

Депутат болуп шайлангандан кийин диплом текшерүү мыйзамсыз. Мындай пикирин ЖК депутаты Тазабек Икрамов билдирди.

Анын айтымында, Баш мыйзамда ЖК депутаты жогорку билимдүү болуусу керек деген жобо жок.

«Биз Баш мыйзам менен жашайбыз. Анда так жазылып турат кыргыз мамлекетинде 25 жашка чыккан жаран ЖК депутаты боло алат деп, ал жерде жогорку билимдүү болуусу керек деген жазуу жок. Ошондуктан беренени өзгөртүү керек же болбосо жөн эле «Жогорку Кеңештин депутаттарын диплому андай экен, мындай экен» деп өздөрүн пиар кылып, коомчулукту башка нукка бурбоо зарыл. Конституция менен жашаш керек», — деди эл өкүлү.

Тазабек Ирамов белгилегендей УКМКнын депутаттардын дипломун текшерүү өнөктүгү Баш мыйзамга толугу менен каршы келет.

«Башка мамлекеттик кызматкерлердин дипломун текшерүүсү мүмкүн. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттарын эл шайлаган. Андыктан депутат болуп шайланган соң аны текшерүүнүн өзү мыйзамсыз», — деди Икрамов.

Количество просмотров: 4093