• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

КТРКнын шоопурларынын иш таштоосу боюнча Илим Карыпбеков билдирүү таратты

21 Жетинин айы 2018 13:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек.21.11.2018.Govori.TV
Бүгүн 21-ноябрда таңкы сат 8ден баштап КТРКнын шоопурлары иш таштаганы боюнча социалдык тармактарда маалымат таратылган. Андан бир канча убакыт өтпөй КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков шоопурлардын иш таштоосу боюнча расмий маалымат таратты. Ал чын эле кызматкерлер иш таштаганын жана алар менен барып сүйлөшүп келгенин жазды.
«КТРКнын структурасында «Республикалык радио-телецентр» РРТЦ деген өзүнчө юридикалык уюм иш алып барат. КТРКнын структурасында болгону менен, бул уюм өзүнчө мамлекеттик мекеме болуп эсептелет. КТРКнын автотранспорттору дагы бул мекемеге тиешелүү. Кыскасы КТРКны транспорт жана техника менен камсыз кылган уюм.
Бүгүн чынында эле бул уюмдун шоопурлары кызматка чыгуудан баш тартышкан. Мен жыйын ордуна барып шоопурлар менен жолугушуп, алардын негизги талабын угуп келдим. Негизги талабы — гараждын башкармасы Рерих Абакировду кызматтан убактылуу кызматтык теришитирүү учурунда четтетүүгө каршы чыгышкандыгын билдиришти.
Азыркы тапта КТРКда КТРКнын РРТЦ структуралык мекемесинин автотранспорттук гараждын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Бул комиссия өзүнүн ишин аяктап чыга элек. Комиссиянын иши ар-тараптуу, объективдүү болуусу жана Комиссиянын ишине аркандай тоскоолдуктар болбошу үчүн Р. Абакировду убактылуу гараждын башкармалыгынан четтетүү чечими кабыл алынган. Бул чечим менен макул болбостон, шоопурлар кызматка чыгуудан баш тартышкан. Шоопурлар менен чогулуш болуп бүттү.
Алардын дооматтарын угуп, Р. Абакировду убактылуу четтетүү чечими жокко чыгарылып, КТРКнын РРТЦ структуралык бөлүмүнүн автотранспорттук гаражын текшерүүгө расмий укук коргоо органдарын жана КР Эсеп Палатасынын адистерин чакыруу чечими кабыл алынды. Бул тапта жыйын бүттү, шоопурлар өз ишине киришти. Бул КТРКнын күнүмдүк иштеринин бир учуру. Мындай маселелер ар бир жумушта болот жана бул маселелер мыйзам чегинде өз учурунда каралып турат»,-деди Илим карыпбеков.

 

 

 

 

 

.

Количество просмотров: 53