КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков эки тараптуу вирустук пневмония менен ооруп жатат. Бул тууралуу ал интернеттеги баракчасына жазды.
Карыпбеков өз алдынча дарыланууга аракет кылып, бирок оорусу күч алган.
“Ооруп жатканыма 2 жума болду. Өпкөнүн 56%ы зыянга учураган. Биринчи жумада оорудан чыгууга аракет кылдым, температура 39-40 градустан түшпөй койду. Бешинчи күн дегенде Улуттук госпиталга жаттым. Ооруканада 30-50 жаштардагы жаш, күчтүү жигиттер жатат. Илдетти жаш организм дагы көтөрө албай жатат. Пардан чыккандай тердеп,узак жөтөлдөн дем ала албай калып жатышат”,- деп жазат Карыпбеков.
Мындан тышкары, Карыпбеков бейтаптарды дарылап жаткан ак халатчандарга ыраазычылыгын билдирген.