• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Карыпбеков: Кайсы келесоо адам өз элин акмак деп айтат?

8 Кулжа 2020 12:47 Бишкек Govori.TV

Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылынын эли КТРКнын мурунку директору Илим Карыпбековдун кечирим суроосун талап кылууда. Алар: «Нарын эли айбан эмес экенин, эч кандай мыйзамга каршы жол тосулбаганын жана ар ким өз укугуна ылайык, талаш болуп жаткан жайыт масалесин чечип берүүнү бийликтен талап кылып жатышканын», — айтышууда.

Ал эми Илим Карыпбеков кечирим суроо боюнча видеокайрылуу жасап, айткан сөздөрү тууралуу билдирүү калтырды.

«Кайсы келесоо адам өз элин акмак деп айтат? Албетте эч ким антип айтпайт. Мен өзүмдү укмуш соо адаммын, кыйын адаммын дебейм, бирок анчалыкка жете элекмин. Менин айткан сөзүмдү карап көрсөңөр ал жердин эч бир жагында нарындыктар акмак деген сөз жок. Ошол сөздүн айрым жерин жулуп алып, адамдарды адаштырып жатышат. Бир да чырды уруш-талаш менен чечүү акылдуулукка жатпайт», — деди ал.

Кечирим суроо боюнча.

Опубликовано Ilim Karypbekov Воскресенье, 7 июня 2020 г.

Эске салсак, Карыпбеков жайыт масалеси боюнча туура чечимди талап кылабыз деп нааразы болгон жарандардын көйгөйү тууралуу билдирүү жазып, «Нарында эки райондун жашоочулары Сөң-Көлдө жайыт талашып ачык тирешке чыгышты. Бул жеткен айбанчылык!», — деп жазган эле.

Нарында эки райондун жашоочулары Сөң-Көлдө жайыт талашып ачык тирешке чыгышты. Бул жеткен айбанчылык! Эмнеге?*****1….

Опубликовано Ilim Karypbekov Суббота, 6 июня 2020 г.

Количество просмотров: 4779