• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Илим Карыпбеков КТРК да“завхоз” ишин улантаарын билдирди

27 Аяк оона 2018 9:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.09.2018. Govori.TV
КТРК нын башкы жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн «Фейсбук» баракчасы аркылуу КТРК нын уюштуруу, чарба  иштерин алдыга жылдырганын айтып, мындан ары да «завхоз» ишин улантаарын билдирди. Төмөндө анын сөзүн өзгөртүүсүз берилди.
Достор!
«Менин сынчыларым ТВ, РВнын жетекчиси эмес эле КТРКнын завхозу деп сындап калышат. Мен чындыгында эле КТРКнын жетекчилер тарыхында биринчи журналист эмес адаммын. Журналист эмесмин, мурда дагы болгон эмесмин. Жеке пикири боюнча менин орун басарларым жана башка кызматкерлер журналист болуш керек деп ойлойм. Өзүмдү мен менеджер катары эсептейм».
«Ал эми менин орун басарларым ТВ жана РВ багыттарын менден чындыгында жогору билген адистер. Менин жеке оюм боюнча менеджер катары ушул адистерге иштөөгө жакшы шарттарды түзүп берүү башкы милдетим деп эсептейм. КТРКнын бардык чыгармачыл кызматкерлери чыгармада ийгилик жаратуу менен алек болуп, чарба иштери менен баштары оорубашы керек. Бул себептен канча мени сындашса дагы, ремонт, кайра куруу, структураны ыратташтыруу, жаңы ТВ, радио каналдарды ачуу, техниканы жаңылантуу, айтор кесиптештериме ыңгайлуу иш шарттарын түзүп берүү иштерин КТРКга келген күндөн баштагам, КТРКда акыркы иштөө күнүмө чейин уланта бермекчимин».
Бизде жаңылануу иштери уланууда. Жакында имаратыбыздын дагы бир курулгандан бери жаңыланууну көрбөгөн бөлүгүнүн ачылуу аземи болот.
Количество просмотров: 26