• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Илим Карыпбеков: «Роза Шакирова менен ысык-суугум жок»

21 Бештин айы 2018 17:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.12.2018. Govori.TV

Жаңы жыл майрамы жакындаган сайын телеканалдар тарабынын ар түрдүү оюн зоок программалары уюштурулат. Кыргыз эстрадасынын ырчы, чоорчуларынын баары майрамдык кечеге катышып, эл жактырып уккан чыгармаларын аткарышат. Алардын катарында КТРК жыл сайын салтка айланган «Көгүлтүр от» майрамдык концертин даярдайт.


Маалым болгондой, майрамдык кеченин тизмесинен мени чийип салышыптыр деп ырчы Роза Шакирова 19-декабрда интернет баракчасы аркылуу кабарлаган эле.

Ал өз постунда:


«Быйылкы «Көгүлтүр от» кечесине мени тизмеден Улуттук каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков чийип салыптыр. Себеби эмне экенин түшүнгөн жокмун. Кат жазып кайрылгандан да уялып калдым. Мен ырдай албайт окшойм. Бүгүн Канат Култаевден уктум» -деп КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековго нааразычылыгын билдирген.
Билдирүү дароо катуу талкууга алынып, көпчүлүк Карыпбековдун дарегине терс мунөздөгү пикирлерди жазып жаткан. Мындай талаш жараткан суроого Карыпбеков бүгүн өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу жооп ирээтинде пост жазды:


«Роза Шакированын жана башка кыргыз залкарларынын «Көгүлтүр от» программасына катышуусу боюнча. «Роза Шакированы Карыпбеков «Көгүлтүр от» программасынан былтыр дагы, быйыл дагы чийип салыптыр…» деген ызы-чууга 2-3 күн болду.


Роза Шакирова менен дагы, башка ырчылар менен дагы ысык-суугум жок. Баарына бирдей, тең мамиле жасайм. «Көгүлтүр от» программасына баардык «заслуженныйлар», «народныйлар» дегиле башка залкарлардын баардыгы тартылат. Өзгөчө эмгеги элге өткөн залкарлардын саны 180 ырчыдан бир аз ашат экен. 200-гө жетпей калганына бир аз капа болуп, жакынкы арада буйруса залкарлардын катары дагы толукталып 200гө жетет деген ишенимдебиз. Ал эми атактуу, белгилүү ырчыларыбыздын саны 800дөн ашат экен. Жыл сайын УТРК кызматкерлеринин башы маң кантип залкарлардын залкарлуурактарын тандайбыз деп.
Жылдык «Көгүлтүр от» программасына ырчылардын жыл бою кылган эмгеги, жараткан чыгармалары, юбилейлери, эл аралык сынактарга катышып, татыктуу орундарга ээ болгондору, жыл бою КТРКнын көрсөтүү, каналдары менен тыгыз байланышта иштешип, эмгегин аябай келгендиги дагы эске алынып тандалат. Мен тандабайм, себеби бул чөйрөнү, залкарлардын залкардыгынын тереңдигин билбейм. Ошол себептен мен катышпайм тандоого. Тандоону ушул чөйрөнү жакшы билген КТРКнын аттуу-баштуу адистери тандайт, аларга ишенем. Анан мага тизмеси алынып келинип, мен кыңк дебестен бекитип берем. Залкарлардын балеесине калбайлы деп бул тандоону кылган адистерибиздин аты айтылбайт, себеби алар айрым залкарлардын түбөлүк душманына айланат, ошондуктан бул тандоо мага шылтанат. Мен КТРК жетекчиси болгондон кийин бул чечимди кабыл алам дагы, тандоону мен кылдым деп жоопкерчиликтүү коом алдында айтам. Шарт ошондой туугандар.
Мен билгенден Шакирова программага тартылат. Сабыр достор, сабыр.» -деп Карыпбеков көпчүлүктү түйшөлтүп жаткан суроого жооп берди.


Ал эми Илим Карыпбековдун Instagram баракчасындагы катталуучулары анын күнөөсү жок экендигине ишенээрин жазышууда.

Булак: «Барометр» сайты

Количество просмотров: 37