• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Иманалиев: Жапаров мыйзамды бузуу боюнча Кыргызстандын чемпиону болду

29 Бештин айы 2020 13:00 Бишкек Govori.TV

Жапаров мыйзамды бузуу боюнча Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, Жапаров административдик ресурс колдонуп жатат.

«Биздин бир талапкер 2 айдын ичинде Баш мыйзамдын 2 статьясын, Кылмыш кодексинин 2 статьясын бузду. Болочок президент Конституциянын кепилдиги болушу керек. Тескерисинче Садыр Жапаров мыйзамды бузуу боюнча Кыргызстандын чемпиону болду. Жапаров УКМКнын төрагасы менен Башкы прокурорду дайындаганга укугу жок болчу. Ошондой эле ал бүгүнкү күндө «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияны, кызматтык унааларды мыйзамсыз пайдалануу менен административдик ресурс колдонуп жатат»,-деди Иманалиев.

Буга чейин президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов жергиликтүү басылмалардын бирине төмөндөгүлөрдү билдирген.

 «Жапаров премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон. Ал өкмөт башчы катары резиденцияда жашаганга укугу бар. Ал эми тамак-аш, байланыш, унаа өзүнүн эсебинен, мамлекеттен каржыланбайт», — деп билдирген Анаркулов.

Количество просмотров: 257