• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Индия өкмөтү “үч талак” берип ажырашууга тыюу салуу боюнча долбоорду колдойт

21 Аяк оона 2018 17:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.09.2018. Govori.TV
Индия өкмөтү “үч талак” берип ажырашууга тыюу салуу боюнча долбоорду колдойт. Бул тууралу Associated Press агенствосу маалымат таратты. Шаршембиде жарыяланган жарлыкка ылайык, аялына талак берген эркектер эми үч жылга чейин эркинен ажыратылат. Жарлык президенттин кароосуна жиберилген. Өлкө башчысы кол койсо расмий түрдө күчүнө кирет. Буга чейин талак айтып ажырашууга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун парламент аркылуу өткөрүү боюнча Индия өкмөтүнүн аракети ишке ашпай калган. Былтыр декабрда мыйзам долбоорун парламенттин төмөнкү палатасы жактырып, бирок жогорку палатадан колдогон эмес. Ал эми Индиянын юстиция министри Рави Шанкар Прасад “үч талак” берип ажырашуу дүйнөнүн 22 өлкөсүндө тыюу салынган дейт. Ал өлкөлөргө Пакистан жана Бангладеш да кирет. Жарлык күчүнө кирсе мыйзам бузгандар үч жылга эркинен ажыратылат. Бир жыл мурда өлкөнүн Жогорку соту үч жолу талак айтып ажырашууну аялдардын конституциялык укугун бузуу деп тапкан токтом чыгарган.
Количество просмотров: 22