• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Индия Кыргызстанга медицина чөйрөсүндө көмөк көрсөтүүгө даяр

28 Аяк оона 2019 22:11 Бишкек Govori.TV

2019-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Индиянын Тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар менен Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын аянтчасында жолугушту.

Министрлер эки тараптуу мамилелердин стратегиялык мүнөзүн баса белгилешти, аларды мындан ары жигерлештирүү маселесин талкуулашты, Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин Кыргыз Республикасына (2019-жылдын июнь айында) болгон расмий сапарынын жыйынтыктары боюнча макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыгышты.

Индия тарабы Кыргыз Республикасына медицина чөйрөсүндө көмөк көрсөтүүгө, соода мамилелерин күчөтүүгө, тараптар карап жаткан экономикалык жана финансылык долбоорлорду илгерилетүүгө даяр экендигин маалымдады.

Ошондой эле кызматташтыктын актуалдуу багыттарын иштеп чыгуу үчүн өз ара сапарларды жүзөгө ашыруу маселеси талкууланды.​ ​

Эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Количество просмотров: 80