• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Индияда учак турак жайдын үстүнө кулап түштү

12 Кулжа 202516:00 Бишкек Govori.TV

Индиянын Гуджарат штатында жүргүнчүлөрдү ташыган учак кулаган. Анын ичинде эки жүздөн ашуун адам болушу мүмкүн. Бул тууралуу эл аралык басылмалар билдирүүдө.

Индиялык басылмалардын маалыматына караганда, Улуу Британияга багыт алган учак Ахмедабади аэропортуна жакын жерде кулап түшкөн.

Жүргүнчүлөрдүн саны канча болгону тууралуу так маалымат жок, бирок ANI маалымат агенттиги учакта 242 адам болгонун ырастоодо.

Количество просмотров: 194