• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Индиялык студенттин сабалышы боюнча шектүүлөр кармалды

11 Бугу 2022 9:39 Бишкек Govori.TV

Буга чейин социалдык түйүндөрдө, Бишкек шаарынындагы Киев жана Уметалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафенин ичинен белгисиз жарандар Индиялык жарандардын денесине залал келтирип жаткан видео тасма тараган.

Аталган окуя Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын кылмыштардын бирдиктүү реестрына катталып, КРнын Кылмыш жаза кодексинин 280 (Бейбаштык) фактысы менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Бишкек ШИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын  кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, 2000-жылы туулган Н.С. жана 2004-жылы туулган Б.К. атуу жарандардын өздүгү такталып, Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын  Жазык-процесстик кодексинин 96 беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Количество просмотров: 151