• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Индиянын Калькутта шаарында дарыгерди зордуктап, өлтүрүп кетишти

17 Баш оона 202419:22 Бишкек Govori.TV

Индиянын Калькутта шаарындагы мамлекеттик ооруканада стажер дарыгерди зордуктап, өлтүрүп кетишти. Мындан улам Индиянын медиктеринин ассоциациясы жалпы улуттук иш таштоого чыгышты, деп билдирди «The Times of India» гезити.


31 жаштагы аспирант кызмат учурунда зордукталып, өлтүрүлгөн. Анын жарым
жылаңачтанган денеси 9-августта эртең менен оорукананын семинар өтүүчү
бөлмөсүнөн табылган. Стажер дарыгердин 36 сааттык нөөмөттөн кийин ошол жерде
уктап калганы айтылууда. Анын денесинен көптөгөн жаракаттар жана муунтуунун
белгилери табылган.


Кылмышка шектүү катары Калькутта полициясынын жарандык ыктыярчысы камакка
алынды. Полициянын маалыматы боюнча, жабырлануучунун тырмактарынын астынан табылган кандын жана теринин издери шектүүнүн ДНКсына толугу менен дал келген.


Ушул жуманын башында Индиянын шаарларындагы көптөгөн мамлекеттик ооруканалар тез жардам бөлүмдөрүнөн башка бардык кызматтарды токтотуп, кенже дарыгерлер каза тапкан дарыгер үчүн адилеттикти талап кылып көчөгө чыгышкан.


Премьер-министр Нарендра Моди аялдарга каршы кылмыштарды жасагандарды
катуу жазалоого чакырды. Ал бейшемби күнү Эгемендүүлүк күнүнө карата элге жасаган кайрылуусунда: «Коом катары биз апаларыбызга, кыздарыбызга жана эжекарындаштарыбызга жасалган мыкаачылыктар жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек. Бул боюнча өлкөдө нааразылык бар. Мен бул кыжырданууну сезип жатам», — деди.


Моди аялдарга карата жасалган кылмыштар тез арада тергелиши керектигин жана
күнөөлүүлөр катуу жазаланышы керектигин белгиледи.

Количество просмотров: 211