• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Индиянын премьер-министри Жапаровду куттуктады

23 Үчтүн айы 2021 13:42 Бишкек Govori.TV

Индия Республикасынын премьер-министри Нарендра Моди Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчилигинен билдиришти.

Төмөндө куттуктоонун текстти:

«Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына шайланышыңыз менен эң жылуу куттуктоолорумду жана мыкты каалоолорумду жеткирүү мага чоң кубаныч тартуулайт.

Индия-кыргыз стратегиялык өнөктөштүк жалпы демократиялык баалуулуктарга, ошондой эле тарыхый жана маданий байланыштарга негизделген. Эки тараптуу мамилелерибизди мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн Сиз менен иштешүүгө үмүттөнөм.

Учурдан пайдаланып, Сизге, Улуу Мартабалуу, жеке ден соолук жана достук мамиледеги Кыргыз Республикасынын элине бакубатчылык каалайм.

Улуу Мартабалуу, өзүмдүн урматымды дагы бир ирет ырастоомду кабыл алыңыз”,-деп жазылат куттуктоодо.

Количество просмотров: 81