Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны учурунда Кайгуул кызматкеринин огунан каза болгон жигиттин окуясы боюнча ИИМ ички иликтөө жүргүзгөнүн билдирди.
Анын айтымында, бул иш боюнча Аскер прокуратурасында Ички иштер министрлигинин 4 кызматкери көрсөтмө берип жатат.
Ички иликтөөнүн жыйынтыгында 22 кызматкер жоопкерчиликке тартылды: 9 кызматкер ээлеген кызматынан алынды, 1 кызматкер жумуштан бошотулду, 12 кызматкер тартиптик жазага тартылды.