Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жүргузүп келген ишмердүулүгүндө кыскартуулар жүрүп жатканын маалымдады.
«Бул АКШ өкмөтүнүн эл аралык жардам жаатындагы артыкчылыктарды карап чыгуу чечимине байланыштуу, анын натыйжасында биз мындан ары мурунку масштабда жана курамында ишибизди уланта албайбыз», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, Internews башка донорлор каржылаган долбоорлор менен иштешүүнү уланта бермекчи.
Кыргыз Республикасындагы Интерньюстун иш алып баруусунун максаты –Кыргызстанда жергиликтүү калкты өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялар жөнүндө өз убагында жана бейтарап маалымдай алган эркин, сапаттуу жана объективдүү журналистиканы өнүктүрүү болуп саналат. Ошондой эле Интерньюс көз карандысыз маалымат сайттарына жана аймактык радиостанцияларга колдоо көрсөтүүдөн сырткары, кеңири улуттук аудитория үчүн сериал форматында коомдук маанидеги контентти чыгарууга көмөктөшүп келет.