• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Кыргыз комедиялары гендерге сезимтал эмес. Ыксыз тамаша коомду ыдыратат

11 Бештин айы 2023 10:53 Бишкек Govori.TV

Кыргыз комедия тасмалары кинотеатрларда байма-бай коюлуп, интернетте болсо миллиондоп көрүлөт. Анда турмуш чындыгы азил-тамаша менен чагылдырылып, көрөрмандын жарпын жазганы менен гендердик негативдүү стереотиптер кеңири кездешет. (Гендердик стереотиптер – аялдар менен эркектердин жүрүм-туруму жөнүндө коомдо калыптанган жалпыланган ишенимдер).

Кыргыз комедияларындагы гендердик стереотиптердин таасири жана абалды өзгөртүүнүн жолдору жөнүндө адистер ой бөлүштү.

Кыргыз комедиялардын өңчөйү кыз-жигит мамилеси, ала качуу, куда күтүү, той өткөрүү, калың берүү, кайнене-келин ымаласы жөнүндө. Тасмалардын аталышы мазмунун чагылдырып турат: «Супер кудалар», «Кайнене», «Супер келин», «Кайсар эже», «Мегатой», «Секетим», «Күйөө сатам», «Аяш» ж.б.

Комедия тасмалардагы каармандар, андагы окуялар көрүүчүгө абдан тааныш жана жакын. Көнүмүш жашоо сүртүмдөрү азил-тамаша иретинде көрсөтүлгөнү менен гендерге сезимтал эмес.

Көпчүлүк кыргыз комедия тасмаларында аялзатынын жерлигине, кийимине жана өң-келбетине карата басынтуу абдан көп экенин гендерге сезимтал журналистика боюнча адис Алмаз Ысманов белгиледи:

«Айрыкча айылдык аялзаты жүдөө, маданиятсыз образда, ал эми шаардагы аялзаты дене-боюн гана сыланган өзүмчүл образда көрсөтүлүп жүрөт. Эркектер болсо, башкалардын пикири менен эсептешпеген, заманбап жашоого шайкеш боло албаган өжөр образда. Көбүнчө аял-каармандарга акцент коюлуп, эркектер тасмада кийинки планда көрсөтүлүп калган учурлар да бар. Никеге мажбурлоону «ала качуу» деп, ашкере романтизация кылынып жүрөт«.

Турмуш курууда аялзатынын эрки, тандоосу эске алынмак тургай аны күчтөп уурдап барып, камоого алган эпизоддор күлкү-тамаша менен көрүлөт. Ал эми элеттиктердин образында кийимине, келбетине басым жасалып, адамдык сапаттары анча ачылбай калууда.

Алмаз Ысманов кино жаратуучулар аял-эркек образын көрсөтүүдө сезимтал болбосо, аймактар, улуу-кичүүлөр арасындагы ажырымды кеңейтерин кошумчалады:

«Атайылап эмес, жакшы ниетте эле фильм тартылып, бирок коомчулуктун катуу сынына кабылып, көрсөтүүдөн алынган кинотасманы мисал кылсак болот. Жөнөкөйлүктү жагымдуу юмор менен бере билүү, эмпатия менен көрсөтүү чеберчилигин талап кылат. Антсе да, жаңы чыгып жаткан комедияларда гендерге сезимталдык бир аз байкалууда. Стереотиптерди юмор түрүндө берип, бирок көрөрманга «андай кылбагыла» деген маанини билдирген учурлар да кездешет».

Жаңы чыгып жаткан комедияларда өзгөчөлүктөр да байкалат. Маселен, «Аяш» тасмаларында инклюзивдүүлүк, эркектин жубайына төрөттө колдоо көрсөтүүсү, каармандын өз дене-боюн кандай болсо ошол боюнча кабыл алуусу (*бодипозитив) сыяктуу жагдайларды айтса болот.

Медиаконтенттин баары гендердик, психологиялык талдоодон өтүшү керек

Стереотиптерди такыр жок кылып салуу мүмкүн эмес: позитивдүү стереотиптер жашообузду жеңилдетет, бирок терс стереотиптер менен иштөө керек дейт психолог, гендер боюнча адис Тынчтыкбек Бакыт уулу. Айрыкча интернетте чектөө кыйын, бирок кыргыз тилдүү контентти көбүрөөк электен өткөрүү керек дейт:

«Кинокомедияларда көбүнчө аялдарды, эркектерди да мазактоо аябай көп. Юмор сексисттик деңгээлде. Видеоконтент көпчүлүккө жеткиликтүү болгондуктан анын таасири да чоң болот».

Тынчтыкбек Бакыт уулу мамлекеттик жана жеке менчик студияларда, деги эле ар кандай форматта, мазмунда өндүрүлгөн контент атайын редакциялык кеңештин элегинен [албетте, үстүдөн түшкөн цензуралык кийлигишүүдөн тышкары – Авт.] талап өтүшү керектигин, ошондо сапаттуу чыгарын белгиледи.

«»Акыркы сабак» сериалы (*кинокомедия эмес) тартыларда долбоордун алкагында сценарийлерди гендердик эксперттер, психологдор карап чыктык. Айрым жерлерде башкача моделдерди сунуштадык. Абдан машакаттуу, бирок маанилүү иш. Окуу китептер да гендердик экспертизадан өтөт: эркектин жана аялзатынын образы кандай берилди, анын таасири кандай болот деп. Маданият министрлиги кинопродюсерлерге, чыгармачыл топторго тасманын гендердик-психологиялык жагына көңүл буруусун талап кылып, эксперттик кеңештердин түзүмүндө болушу керек», — деди психолог Тынчтыкбек Бакыт уулу.

Элдин калың катмарына тараган медиаконтенттин баары гендердик жана психологиялык экспертизадан өтүшү керектигин гендер боюнча адис Нурзада Садырбекова да белгиледи. Ал аң-сезимге сиңген гендердик терс стереотиптердин жашоодо кесепети болорун айтты:

«Тасмалардын авторлору өздөрү деле байкабай калышы мүмкүн. Анткени гендердик стереотиптер аң-сезимибизде түптөлүп турат. Өзүбүз да стереотиптүү сүйлөп жатканыбызды, же ойлонуп жатканыбызды байкабай да калышыбыз мүмкүн. Бул процесстин таасири – аялдарга карата зомбулукка алып келиши мүмкүн».

Нурзада Садырбекова режиссерлор, кино тармагында иштегендер азыркы заманбап өзгөрүүлөргө көңүл бурса, калыптанып калган гендердик терс ой-пикирлер азаят беле дейт:

«Коомдогу гендердик теңчилик, үй тирилигиндеги жана балага карата аял-эркектин бирдей жоопкерчилиги жөнүндө тасма тартса болот. Мезгил өзгөрүп жатат: илимдеги, бизнестеги, чыгармачылыктагы ж.б. түрдүү кесипке ээ болгон аялдардын образын жаратып, жаңы мезгилдин тренддерин комедияда да көрсөтсө болот».

Азил-тамашалуу тасмаларда да зомбулук чагылдырылган эпизоддор көп. Гендерге сезимталдык боюнча окутуулардан өтүп, өзү да тажрыйба бөлүшүп жүргөн медиа адис Алибек Ажибеков комедия жанрында деле «зыян келтирбе» принцибин колдонуу зарылдыгын белгилейт:

«Зордук-зомбулукка жакын кырдаалдарды тамашага салбоо, бири-бирине ордун көрсөтүүдөн алыс болуу, тамаша иретинде болсо да бири-бирин урган сценаларды көрсөтпөгөн оң».

Коом өзүнө сын көз менен карай элек

Кыргыз кинопродюсерлер ассоциациясынын төрайымы, продюсер, сценарист Эрке Джумакматова учурдагы коом өзүнө сын көз менен карай электигин, аудитория жетиле электигин белгиледи. Жөнөкөй көрөрман комедиядан кадимки өз турмушун гана көрүп, муну стереотип катары карабай турганын айтты:

«Киноиндустрияда бул «клише» деп айтылат. Кыргыз кинокомедиялары – баары эле примитивдүү продукт. Аялдардын да, эркектердин да персонаждары абдан карикатуралык, бардык эле персонаждар примитивдүү. Коммерциялык фильмдердин режиссерлору деле атайы мындай кылыша элек деп ойлойм. Карапайым, күлкүлүү образ жаратылып, эл көрүп атат; ийгиликтүү болуп, каражат түшүп атат. Ошентип тасмалар жаралып атат».

Анткен менен кинорежиссерлорго тренингдерди өтүп, алар гендердик туура персонаждарды жасап коюу менен эле абалды өзгөртө салуу мүмкүн эмес дейт Кыргыз кинопродюсерлер ассоциациясынын төрайымы. Ал комплекстүү чаралар керектигин: туура идеология, билим берүүнү, адамдардын жашоо деңгээлин жакшыртуу жана кинокритиканы өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

«Эң негизги инструменти – бул кинокритика. Кинобаяндамачылар өзгөчө кыргыз тилинде кинокритикалык макалалар түрмөгүн чыгарса; продюсерлер, режиссерлор чакырылып, бул темалар талкууланып, эфирлерде трансляция болушу керек. Маселен, башкы каармандардын өзүнөн: «Сиз бул образды ойнодуңуз, сиз бул жөнүндө эмне деп ойлойсуз?» деп да сураш керек. Ал эми мындай мектеп эми эле жаралып жатат. Киносынчылар ассоциациясынын түзүлгөнүнүнө жыл айлана элек», — деди Эрке Джумакматова.  

Киноискусство – күчтүү медиа-каражаттардын бири. Андыктан комедиялар жеңил-желпи көңүл көтөрүү менен гана чектелбей, гендерге сезимтал образдар аркылуу адамзаттык баалуулуктарды коомдо калыптандыра турган өнөр боло алат.

Автор: Гүлзат Газиева.

Бул макаланы Кыргыз Республикасындагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун алкагындагы «Медиасын» жанрын өнүктүрүү боюнча программанын катышуучусу даярдаган.

Количество просмотров: 122