• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Келбетине асылган комментарийден сексуалдык шантажга чейин: Кыргызстанда журналист айымдар кабылган онлайн-зомбулук

9 Бештин айы 2023 17:31 Бишкек Govori.TV

Акыркы жылдары Кыргызстандагы айрым жалпыга маалымдоо каражаттары социалдык тармактарда каралоого кабылып, ишмердүүлүгүн дискредитациялоо аракеттери болуп келет. Мындай аракеттер жалпы ЖМКга гана багытталбастан, анын жетекчилерин же айрым кызматкерлерин жана эркин журналисттерди бутага алган учурлар дагы кеңири кездешет. Айрыкча, онлайн-чабуулга журналист айымдар туш болушууда.

Онлайн-зомбулук деген эмне?

Социалдык тармактардагы каралоо онлайн-зомбулуктун түрү болуп эсептелет.
Онлайн-зомбулук же санариптик зомбулук — маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу белгилүү бир адамга же адамдардын тобуна зыян келтирүү же коркунуч жаратуу үчүн жасалган зомбулук аракети.

Санариптик зомбулуктун бир канча түрү бар. Ал адамга жагымсыз билдирүүлөрдү, электрондук каттарды, сүрөт-видеолорду жиберүүдөн тартып, социалдык тармактарда каралоо жана интимдик видео, сүрөттөрүн интернетке жайылтып жиберүүгө чейинки кеңири спектрди камтыйт.

Сынга жооп жок, жынысына жана үй-бүлөлүк абалына асылуу бар

Кыргыз социалдык медиасында эң көп чабуулга кабылган журналист айым – Канышай Мамыркулова. Ал өздүгү тастыкталбаган фейк-аккаунттардын дагы, кайсы бир топ үчүн иштеген троллдордун дагы каралоочу объектиси болуп келет.

Мамыркулова бийлик өкүлдөрүнө карата соцтармакта жазган сын-пикирлерине жооп катары фейк-фабриканын тепкисине калган учурлары көп болот. Алар журналисттин пикирине каршы далилдүү жооп берүүнүн ордуна анын жынысына жана үй-бүлөлүк абалына басым жасап, сырткы келбетине асылышат.

Мисалы, ушул жылдын июлунда президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде эки өлкө тургундарынын ортосунда чыккан чырга байланыштуу Фейсбукта окуя үчүн кыргыз жарандарын жооптуу көрсөткөн пикирин жазып, кийин өчүрүп койгон.

Канышай Мамыркулова Орунбековдун бул аракетин кескин сындап, кызматтан кетүүсүн талап кылган. Андан көп өтпөй эле Фейсбуктагы фейк-аккаунттар Мамыркулованы каралаган, окшош билдирүүнү жапырт таратышкан. Анда кастык тили менен журналистти “ажаан катын”, “тили заар”, “ажаандыгы үчүн же эрге батпай, же жерге батпай жүрөт” деп тилдешкен.

Эң өкүнүчтүүсү – мындай кадамга баргандардын арасында бийлик башында отургандардын дагы болуусу. Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Канышай Мамыркулова тууралуу билдирүүлөрдүн бирине төмөндөгүдөй комментарий калтырган:

“Бирөөгө акыл айтканга жарагыдай жок дегенде жеке жашоомду жолго коюп алган адаммынбы? Жашоодо өз ордумду оңдуу таппай жүрүп, коомго акыл айтып, бирөөнү сындаганды мага ким койду?” деген сыяктуу суроону өзүнө берип, күзгүдөн бир каранып койсо деген ачык ойлорум көптөргө жакпайт”.

Канышай Мамыркулова фейк-фабриканын чабуулуна кабылып жатканын өзү дагы айтып, коомчулукка коңгуроо кагып келет. Ошондой билдирүүлөрдүн биринде аны каралоого алгандар маркум энесин дагы аралаштырып жатышканын жазган:

“Башкасы болгондо мейли, бирок, дүйнөдөн өткөн энемди мындай каралоо кампаниясына аралаштыруу фейк-фабрика жалдаган тараптардын абийириндеги жагдай болуп саналат. Ушундан көрө, абакта кармоо балким, жеңил болмоктур. Анткени, АТА менен ЭНЕ ыйык”.

Ошондой эле, ал жеке куржунга үй-бүлөлүк абалына байланыштуу каттар келгенин дагы бөлүшкөн. Мындай адамга жагымсыз каттар дагы санариптик зомбулукка кирет.

Кыргызга кыянаттык кылган деп айыпталгандар

Гендердик онлайн-зомбулук журналисттин жынысына гана басым жасабастан, көпчүлүк учурда анын дини, расасы, улуту, жаш-курагы жана сексуалдык иденттүүлүгүн дагы камтыйт.

24.kg маалымат агенттигинин башкы редактору Махинур Ниязовага онлайн-чабуул жасагандар анын улутуна басым жасашат.

2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштан кийин Фейсбуктагы фейк-аккаунттар жана троллдор Махинур Ниязованы тажик тарапка жан тартты деп айыптап, өзүн “кыргызстандык тажик” деп аташкан. Ал тургай “Азиз Уланбекович Султанбеков” аттуу аккаунт Ниязова “өзү “уйгурмун” деп тажик экенин жашырып жүргөнүн” дагы жазган. Ал эми Нуриля Исакулова аттуу президенттин Фейсбуктагы активдүү колдоочусу укук коргоо органдарын журналистти “тарбиялап коюуга” чакырган.

“Кактус Медианын” негиздөөчүсү Дина Масловага каршы дагы ушул жылдын жазында каралоо кампаниясы жүргөн. Анда фейк-аккаунттардын бири Маслова “этникалык тажик” экенин жазып, “Кактус Медианы” жаап салбаганы үчүн бийликке нааразычылыгын билдирген.

“Кактус Медианы” жабуу талабы менен билдирүү тараткандар Дина Маслованын жекелигине өтүп, анын жеке турмушу тууралуу түрдүү кептерди жазышкан.

Фейсбукта бул эки журналистти тең “бузуку” деп аташып, “кыргызга кыянаттык кылууда” деп айыпташкан.

Кыянаттыкка айыпталган дагы бир журналист айым – Вести.kg басылмасынын башкы редактору Гладис Темирчиева. Ал ушул жылы октябрда ЕККУнун Варшавада өткөн адам укуктары боюнча конференциясында сүйлөгөн сөзү үчүн онлайн-чабуулга кабылды. Ага Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу дагы катышып, Темирчиеваны жалган айтууга айыптаган. Анын билдирүүлөрүнүн алдында кастык тили менен журналисттерди атып салууга чейин чакырган комментарийлер жазылган.

Фейк-фабрика тарабынан Гладис Темирчиеванын жеке турмушу тууралуу жапырт айың кептер таратылган учур дагы болгон.

“Онлайн-кодулоого көбүнчө иликтөөчү журналист айымдар кабылат”

Бишкектеги ЕККУ Академиясы быйыл Түркмөнстандан тышкаркы Борбор Азия өлкөлөрүндөгү журналист айымдарга карата онлайн-зомбулук боюнча изилдөө жүргүзгөн. Изилдөөгө жооптуу медиаэксперт Элира Турдубаева Кыргызстанда онлайн-кодулоо жана кибербуллинге көбүнчө иликтөөчү журналист айымдар кабыларын айтты.

Анын айтымында, коррупциялык иштердин бетин ачкан иликтөө чыккан соң ошол иликтөөдө сөз болгон адамдын тарапташтары, фейк-аккаунттар, троллдор материалды жасаган журналисттин жекелегине өтүп, үй-бүлөлүк абалына, тулку боюна асылган билдирүүлөрдү, комментарийлерди жазышат. Турдубаева сындардын материалдын өзүнө эмес, журналисттин кебетесине жана үй-бүлөлүк абалына карата айтылуусунун себебин гендердик стереотиптер менен түшүндүрдү:

“Аял болгону үчүн эле үй-бүлөлүк абалына, кебетесине асылышат. Мисалы, ажырашкан эркектерге эч качан “сен ажырашкансың” дешпейт. Аялдарга “андан көрө күйөөгө тийбейсиңби”, “сенин ордуң ашканада”, “андан көрө кайын журтуңа кызмат кылбайсыңбы, бала төрөп, балаңды бакпайсыңбы” деп ордун көрсөткүсү келет”.

Турдубаеванын айтымында, изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда журналист айымдар кадыр-баркына шек келтирген билдирүү, комментарийлерден тышкары, физикалык жана сексуалдык зомбулук менен коркуткан билдирүүлөрдү дагы алышары белгилүү болгон. Ошондой эле журналист айымдарды үй-бүлө мүчөлөрү менен коркуткан учурлар дагы кездешет.

“Мисалы, балдарың каерде окуганын билем деп, же карыган апаң бар, карыган атаң бар деп, аларга чейин айтат экен”, — деди Турдубаева.

Тескерисинче, үй-бүлө мүчөлөрүнө биринчи байланышка чыгып, алар аркылуу журналист айымдарга сес көрсөтүү ыкмасы дагы кеңири колдонуларын айтты медиаэксперт.

Изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргызстанда журналист айымдарга карата коркутуу жана кодулоо социалдык тармактын бардык түрлөрү, мессенджерлер, телефон чалуу, жалпысынан бардык каналдар аркылуу болору аныкталган.

Онлайн-зомбулук көрсөткөндөр жазага тартылабы?

“Медиа Полиси Институту” уюмунун юристи Алтынай Исаеванын айтымында, журналисттерге карата онлайн-чабуулдар, ишмердүүлүгүн дискредитациялоо аракети, аларды каралоо, коомдун көзүндө демонизациялоо журналисттердин коопсуздугуна коркунуч жаратат.

Ошол эле мезгилде онлайн-дискредитация сөз болуп жаткан адамдардын позициясын, пикирин басууну максат кылгандыктан, өлкөдөгү демократия үчүн дагы коркунучтуу көрүнүш болуп эсептелет. Ошол себептүү юрист эгер журналист өзүнө карата жазылган билдирүү же комментарийде реалдуу коркунуч бар экенин көрсө жана кадыр-баркына шек келтирген, жалган маалымат таратылган болсо, тиешелүү органдарга кайрылуу керек экенин белгиледи.

“Эгер кайсы бир журналист жапырт онлайн-чабуулга кабылган болсо жана бул чабуулдарды коопсуздугу үчүн реалдуу коркунуч катары бааласа, арыз менен укук коргоо органдарына кайрылышы керек. Укук коргоо органдарынан текшерүү жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү таап, жоопкерчиликке тартуусу күтүлөт”, — деди юрист.

Буга чейин журналист Канышай Мамыркулова “социалдык тармакта тараткан видео тасмасында кадыр-баркыма шек келтирди” деген арыз менен Фейсбук колдонуучусу Жолдошбек Сыргаковдун үстүнөн сотко кайрылган. Аламүдүн райондук соту Сыргаковду 5500 сом айып пул төлөөгө милдеттендирген.

Анткен менен онлайн-зомбулуктун башка түрү – секс-шантажга кабылган “Темиров Лайвдын” мурдагы кызматкеринин видеосу боюнча Аскердик прокуратура иш козгоодон баш тартып койгон.

Онлайн-зомбулуктун кесепети жана аны менен күрөшүү жолдору

“Аялдарга жардам көрсөтүү борбору” коомдук бирикмесинин изилдөөсүндө онлайн-зомбулук виртуалдык мүнөздө болгондуктан олуттуу кабылданбай жатканы айтылат.

Бирок, санариптик зомбулук зомбулуктун башка түрлөрү сыяктуу эле олуттуу кесепеттерге алып келет. Аталган бирикменин изилдөөсүнө ылайык, онлайн-зомбулуктун курмандыктары обочолонуп, коомдук жашоодо, анын ичинде социалдык медиада активдүүлүгүн чектеп, айрым учурда аккаунттарын толугу менен өчүрүп салышат. Мындан улам алардын сөз эркиндигине болгон укугу чектелет. Мунун баары курмандыктын менталдык саламаттыгына таасир этип, адамдын жумушсуз калуусуна чейин алып келиши мүмкүн.

Элира Турдубаева изилдөөдө журналист айымдар онлайн-зомбулукка кабылган соң социалдык тармактарда активдүү болбой калганын, алтургай айрымдар кесибин таштаганын билдиришкенин айтты. Ал, айрыкча, онлайн коркутуулар жаш журналист айымдарга таасир этерин, мындан улам алар бул кесиптен баш тартышарын кошумчалады:

“Турмушка чыга элек жаш кыздар иликтөө жасап баштаганда “сен жөнүндө сексуалдык мүнөздөгү фейк видеону жасап, монтаждап, публикага чыгарып салабыз” деп коркутушат экен. Кээ бири коркуп, башка жанрларга кетип калышат. Кээ бирлери “ар кандай чабуулдарга кабылам, бул тобокелчиликтүү жумуш” деп журналистикага келбей коюшат экен”.

Турдубаева онлайн-зомбулукка каршы туруу үчүн журналист айымдарга төрт түрдүү жардам керек экенин белгиледи. Алар кибер коопсуздук боюнча билим, юридикалык, психологиялык жана техникалык жардам. Медиа эксперттин пикиринде, онлайн каралоого же шантажга кабылган учурда журналист бул тууралуу коомчулукка кайрылып, кимдер чабуул кылып жатканын ачык көрсөтүшү керек жана укук коргоо органдарына, сотко кайрыларын чабуул кылгандарга эскертиши зарыл.

Юрист Алтынай Исаева дагы онлайн-зомбулук боюнча жөн гана арызданып тим болбостон, ишке тиешелүү органдардын көңүлүн бурдуруу керек экенин айтты.

Автор: Чынаргүл Жумабекова.

Бул макаланы Кыргыз Республикасындагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун алкагындагы «Медиасын» жанрын өнүктүрүү боюнча программанын катышуучусу даярдаган.

Количество просмотров: 286