• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Интимдик кызмат көрсөткөн жай аныкталды

27 Бештин айы 202317:17 Бишкек Govori.TV

Интимдик кызмат көрсөтүүчү жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мамалыматка ылайый, 26-декабрда Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Жайыл, Чүй райондорунун жана Токмок шаарынын аймагындагы интимдик жайларды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам чаралар көрүлүп, анын жүрүшүндө телефон аркылуу сүйлөшүү жолу менен Токмок шаарында интимдик кызмат көрсөтүүчү адамдарды тейлөө интимдик (сауна) аныкталды.

КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Токмок шаарынын ички иштер башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жана атайын тергөө аракеттери жүрүшүндө, фото жана видео жазуусу менен, Токмок ш., Верхне-Луговая көч. 251 үйүндө интимдик кызмат көрсөтүүчү жай аныкталган.

Иш-чаранын жыйынтыгында «Т.М.С.» аттуу интимдик сойкукананын ээси жана интимдик кызмат көрсөткөн «С.К.А.», «Ж.к.Б. »Токмок ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул багытта тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Количество просмотров: 571