• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Инвесторлордон опузалап акча талап кылган жаран кармалды

25 Аяк оона 2023 12:41 Бишкек Govori.TV

Инвесторлордон опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жазды.

Ал инвесторлордун ишмердүүлүгүнө жолтоо болгон учурлар бар экенин айтып, төмөндөгүлөргө токтолгон.

«Мисалы акниет эмес бир жаран кармалды. Ал өзү бизнесмен жана жогорку даражалуу аткаминерлер менен байланышы бар экенин айтып, керек болсо силерди жок кылам деп коркутуп, инвесторлордон опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган. Бул маалымат Президент Жапаровго жеткен жана ал териштирүү тапшырмасын берип, анын жыйынтыгында бул жаран кармалып, камакка алынды. Андан ары тергөө иштери жүрөт.Президент Жапаров дагы бир жолу Кыргызстанда «кол тийбестер» жок экендигин эскертет. Өлкөдө кимде-ким инвесторлорду жогорку даражалуу байланыштары менен коркутуп-үркүтүп, алардын ишмердүүлүгүнө жолтоо болсо, инвесторлорду жеке кызыкчылыгына пайдаланып, алардан мыйзамсыз акча каражатын талап кылса — дароо камалат. «Өлкө башчысын адаштырып коебуз же ал эч нерсе билбей калат» дегендер болсо, алар катуу жаңылышат»,-деп жазды Султанбаев.

Ошондой эле Султанбаев учурда мамлекет башчысында дагы кимдер «жогорку байланыштарына» жамынып инвесторлорду коркутуу, акча талап кылуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар экенин кошумчалаган.

«Арам ойлорун ишке ашырам дегендер үчүн абактарда орундар жетиштүү»,-деген ал.

Теги:
Количество просмотров: 359