Ирактын парламенти кыздардын никеге туруу курагын 9 жашка чейин төмөндөткөн мыйзам долбоорун карап жатат. Бул тууралуу «The Guardian» басылмасы жазды.
Ирактын Юстиция министрлиги мыйзам долбоорун кароого киргизди.
Аткаминерлердин айтымында, кыздарды башталгыч мектептен кийин дароо күйөөгө
бериш керек. Бул кыздарга «адепсиз мамилелерден» качууга жардам берет. Ал эми
эркек балдар үчүн никеге туруу курагын 15 жашка чейин төмөндөтүү каралууда.

Иракта 1950-жылдардан бери 18 жашка чейин никеге турууга тыюу салынган.
ЮНИСЕФ жүргүзгөн изилдөөдө Ирактагы кыздардын 28%ы 18 жашка чыкканга чейин
эле күйөөгө тиери айтылган.
Мыйзам долбоорунда нике туруу курагын төмөндөтүүдөн тышкары, үй-бүлөлөргө
ажырашуу, балдарды жана мүлктү бөлүштүрүү, мурас сыяктуу маселелерди светтик
бийлик же диний өкүлдөр чече турганын тандоо укугун берүү сунушталууда.
Эксперттердин айтымында, бул аялдардын укуктарынын кеңири бузулушуна алып
келет, анткени мындай учурларда бардык иштер эркектердин пайдасына чечилип
калышы мүмкүн. «The Guardian» басылмасынын маалыматына караганда, бул мыйзам долбоору бүткүлөлкөдө нааразылык акцияларын жаратты.