• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Иранда аялдардын укугун коргогон активисттер камалды

13 Баш оона 202421:40 Бишкек Govori.TV

Иранда аял укугун коргоп жүргөн беш активист аял жалпысынан 20 жылдан ашуун мөөнөткө  абакка кесилген  бүгүн жергиликтүү басылмалар жазды.

В Иране осуждены пять женщин-активисток, боровшихся за права женщин өлкөнүн түндүгүндөгү Решт шаарында бир катар башка активисттер менен чогуу былтыр ноябрда кармалышкан.

Ар бири «кутум уюштурган» деген айып менен 3,5 жылга жана «режимге каршы үгүт» деген кине боюнча жети айга эркинен ажыратылды.

Решт Ирандагы эки жыл мурда уюштурулган «Аялдар, өмүр, эркиндик» акциясы учурунда жапырт нааразылык акциялары өткөн шаарлардын бири болгон.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)

Дагы караңыз

Количество просмотров: 87