Бишкек.12.10.2018.Govori.TV
«Улуттук гомпиталга кайрылган 70 жаштан кийинки жарандардан акы алынбашы керек. Улгайган бейтаптар экинчи жолу ооруканага кайрылганда акы төлөшөт экен, эмне үчүн мындай?»-деп бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлүнө депутат Ирина Карамушкина кайрылды.
«Мыйзам боюнча 70 жаштан ашкан адамдар акысыз тейленет. Эгер алар эки жолудан ооруканага кайрылса, дарынын кымбат же арзандыгына карабай болгону 200 сом төлөшөт. Бул боюнча өкмөттүн токтому бар»-деди министрликтин өкүлү.