Өкмөт арабаны тартпаса, алмаштырыш керек. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
Урматтуу кесиптештер! Бүгүн Өкмөттүн отчету угулат ошол жерден болгон суроолорду берип, сунуш жана баа берсек болот. Ал эми электр энергиясына тариф көтөрүлө электе элди козуткан туура эмес. Өкмөт тарифти көтөрбөйбүз деп жатат. Алар иштебесе, биз дагы баа беребиз,-деди Өмүркулов.