• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Исабековдун «Кумтөр»- акталбаган үмүттөр» аттуу китеби жарык көрдү

30 Жалган куран 2021 12:16 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, экс-вице-спикер, КРдин Эмгек сиңирген экономисти, юридика илимдеринин кандидаты Кубанычбек Исабековдун «Кумтөр»- акталбаган үмүттөр» аттуу китеби жарык көрдү.

Китептин бет ачаар аземи бүгүн, 30-мартта өтүп, ага саясатчылар, ЖК депутаттары, коомдук ишмерлер катышты.

Автордун айтымында, «Кумтөрдүн» оорусу мамлекетибиздин башка кендерине коронавирустан жаман тарап, элибиздин алтындан кымбат ден-соолугу жабыркап, атабабаларыбыз өз жандарын аябай, көздүн карегиндей сактап келген табигатыбыз бузулууда.

«Өлкөбүздүн байлыгына кол салып, жеке кызыкчылыгы үчүн экономикабыздын, экологиябыздын кендирине «балта чаап», чет элдик ишкерлерге сатылып, байыган «баатырларын» кыргыз эли билиши керек», — дейт Исабеков.

Исабеков кошумчалагандай, ал өмүрүнүн дээрлик 16 жылын «Кумтөр» алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтөөгө арнаган.

«Аны «ийне-жибине» чейин изилдеп, чындыктын бетин ачууга аракет кылып келем. Кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келген келишимдерди, Кыргызстандын Конституциясына туура келбеген жагдайын далилдеп, канадалык компанияны, Кыргыз өкмөтүн баш кылып, жалпы жонунан 45 жолу соттоштум. Канадалык компаниянын жактоочулары болгон мамлекеттик «машина» менен жеке күрөшүүгө туура келди. Мындай сот процесси эгемендуу Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында кездешпеген алгачкы саамалык болду. Кыяматтын кыл көпүрөсүндөй кылтылдаган нечендеген кыйынчылыктарды баштан кечирдим. Мээнет текке кеткен жок», деди ал.

Белгилей кетсек, учурда Кумтөр алтын кени боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн мамлекеттик комиссия кайрадан түзүлүп, иш алып барууда.

Комиссия 18-мартта өндүрүштү жеринде көрүп кайтты. Мамлекеттик комиссия өз ишин эки айдан кийин жыйынтыктайт. Депутаттардан куралган мамлекеттик комиссия Кумтөр кениндеги экологиялык жана экономикалык маселелерди карап жатышат.

«Кумтөр Голд» ишканасы жаратылышты коргоо маселелерине жоопкерчилик менен кароого өз өндүрүштүк ишмердигинде абдан чоң маани берерин айтып келет. Компания жылына кендеги экологиянын абалын аныктоо жана аны коргоо чараларына 7 миллион доллардын тегерегинде каражат бөлөрүн билдирди.

2012-жылдагы депкомиссияны Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты, азыркы президент Садыр Жапаров жетектеген. Ал ошол кезде Кумтөрдү улутташтыруу керек деп билдирип келген.

Былтыр Жапаров премьер-министрлик кызматка дайындалып жатканда кенди улутташтырууга кеч болуп калганын айтып, аны Кумтөрдө алтын дээрлик түгөнүп калганы менен түшүндүргөн. Садыр Жапаров Кумтөр мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштей турганын белгилеген.

Кумтөр — Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет. Компаниядагы Кыргызстандын азыркы үлүшү 26% түзөт.

Количество просмотров: 135