• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Исаев БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарынын БАдагы өкүлү менен жолукту

5 Чын куран 2024 15:45 Бишкек Govori.TV

5-апрелде КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын (КЖКБ) Борбордук Азиядагы Регионалдык өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен анын дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун КЖКБ ортосундагы кызматташтыктын учурдагы жана артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде Кыргызстанда жашаган качкындардын, башпаанек издегендердин жана жарандыгы жок адамдардын маселелерине байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Регионалдык өкүл Х.Шоддер кызматташуунун деңгээлин жогору баалап, БУУнун КЖКБ качкындардын укуктарын коргоо жана Кыргыз Республикасынын жарандыгы жоктуулук маселелери боюнча милдеттенмелерин аткаруу маселелери боюнча Кыргызстанга мындан ары да жардам көрсөтөөрүн ырастады.

Министрдин биринчи орун басары А.Исаев Регионалдык өкүлү Х.Шоддерге кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, келечектеги кесиптик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Количество просмотров: 96