Сапар Исаков жана Равшан Жээнбеков абактан бошотулду. Бул тууралуу алардын тарапташтары социалдык тармактарда билдиришти.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча күнөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылган. Апрель айында ал Молдовановка айылындагы №27 жазаөтөө мекемесине которулган.
Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Кой-Таш айылында массалык баш аламандыкты уюштуруу жана барымтага алуу фактылары боюнча кармалган.