• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Депкомиссиянын корутундусуна кошумча пикиримди түз эле палатада айтып чыгам»

2 Бугу 2018 8:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.05. 2018. Govori.TV
“Депутаттык комиссиянын корутундусу бул саясий баа берүү. Укуктук бааны тергөө аныктап, сот берет. Андыктан Бишкек ТЭЦиндеги модернизация, ага корогон 386 млн. доллар боюнча маселеле келгенде жалпы чечим катары корутундуга мен кол койдум. Бирок, өзгөчө пикирим бар, аны корутунду палатага коюлган кезде айтамын. Эгер көпчүлүк жактырса, корутундуга ошондо кошулат деген ойдомун.. Мындай пикирин, Govori.TV маалымат агенттигине ЖКныне депутаты, ТЭЦтеги аварияны иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев билдирди.
Анын айтымында, учурда коомчулук бул комиссиянын корутундусун күтүп турат. Корутундуга чейин эле аварияга жоопкерлердин көбү камалып, арты күбө катары УКМКга сурак берип жаткан чагы.
“Албетте, долбоорго кол койгондор, ишке ашырылышына көзөмөл салгандар, ишти “бүттү” деп өткөрүп алгандар негизги жоопкер болушат. Бирок, ошол эле маалда эгер булар тергөөдө кандайдыр бир кызыкчылыктар болгондугун, кимдир бирөңөлөр тарабынан оозеки буйруктар берилгенин айта турган болсо, калган күнөөлүүлөрдү тергөө аныктайт. Анткен менен ТЭЦти модернизациялоо боюнча долбоор экс-Президент Алмазбек Атамбаев менен анын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Сапар Исаковдун учурунда ишке ашырылганы баарыбызга белгилүү”,-дейт эл өкүлү.
Эске сала кетсек, учурда ТЭЦтеги авария боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу даярдалып, бирок, комиссияга мүчө депутаттардын айрымдары өзгөчө пикири бардыгын айтып, бирдиктүү жыйынтыкка кол койбой турганы маалым.
Количество просмотров: 42