• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

10 Үчтүн айы 2020 12:14 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков «Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын согуштан кийинки социалдык-экономикалык калыптануусуна зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун ысымын түбөлүккө калтыруу жана 2020-жылы анын туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо максатында токтом кылынат:

И. Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгы жогорку улуттук деңгээлде белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

— бир айлык мөөнөттө И. Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү, ошондой эле иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгуу жана бекитүү;

— аталган планды ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен зарыл финансылык каражаттарды бөлүүнү кароо.

Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 101