• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Ишке тартылган баардык медициналык кызматкерлер мейманканаларга жайгаштырылууда

22 Чын куран 202012:19 Бишкек Govori.TV

Республикалык ыкчам штабдын чечими менен COVID-19 дартынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча ишке тартылган медициналык кызматкерлер мейманканаларга жана конок үйлөргө жайгаштырылууда.

Тийиштүү чечим обсервациялык пункттарда жана мобилдик бригадалардын курамында иштеп жаткан медициналык кызматкерлердин коопсуздугун жана ден-соолугун сактоону камсыздоо, алардын жашоосу үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүү максатында кабыл алынган.

Медициналык кызматкерлерди жеке коргонуучу каражаттар, ысык тамак, транспорт менен камсыздоо маселеси Республикалык штабдын жана жергиликтүү бийлик органдарынын тыкыр көзөмөлүндө турат.

Количество просмотров: 96