• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Исмаилова өлкөдөгү жеке коргонуучу каражаттардын саны боюнча маалымат берди

31 Теке 202014:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова бүгүнкү күнгө карата өлкөдө болгон жеке коргонуучу каражаттардын саны боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө 2 млн 662,7 миң беткап бар.

Ошондой эле:
— дезинфекциялоочу каражат — 442 миң 123 даана;
— бир жолу колдонулуучу костюмдар — 328 миң;
— көп жолу колдонулуучу костюмдар — 24 миң;
— FFP2 респиратору — 246 миң;
— FFP3 респиратору — 74 миң;
— респиратордун башка түрлөрү — 36 миң;
— бахилалар — 710 миң;
— коргоочу көз айнектер — 82 миң;
— колкаптар — 4 млн 776,9 миң.

Количество просмотров: 87