• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Исманкуловдун клиникасынын ордуна эмне ачылат?

29 Жалган куран 202311:39 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова Бишкек шаарындагы №2 клиникалык көп тармактуу ооруканага барып, бөлүмдөрдү кыдырып, Катар фонду каржылаган имараттын курулушу менен таанышты жана мурда Алмазбек Исманкуловдун көз микрохирургиясы клиникасы ээлеп турган оорукананын имаратын карап чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Оорукананы кыдырып чыгуунун жыйынтыгында жетекчилик жана кызматкерлер менен бирдикте неврология бөлүмүн бошогон имаратка көчүрүү жана бошогон имараттын керебеттеринин санын 80ге чейин кеңейтүү чечими кабыл алынды.

«Министр оорукананын жетекчилигине жакынкы аралыкта керебеттерди ачуу боюнча тиешелүү иштерди уюштурууну, ошондой эле бошогон имараттын 3-кабатын оңдоо иштерине сметаны даярдоону тапшырды»,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, клиниканын жетекчиси Алмазбек Исманкуловго жана Бишкек шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлерине «Коррупция» боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынышкан. Кийин Исманкуловдун клиникасы №6 оорукананын имаратынан чыгарылган.

Количество просмотров: 1223