• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Исманов: Кыргыз-түрк мамилесинде кызматташтыктын жаңы барагы ачылат деп ойлойм

10 Кулжа 2021 16:26 Бишкек Govori.TV

 Учурда президент Садыр Жапаров Түркияда расмий сапар менен жүрөт. Анын алкагында Жапаров Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуп, Кыргызстан менен Түркиянын Стратегиялык кызматташтык боюнча жогорку кеңешинин жыйынында сөз сүйлөп, ошондой эле эки тараптуу документтерге кол койду.

Эл өкүлү Самат Исманов кыргыз-түрк мамилесинде кызматташтыктын жаңы барагы ачылат деген пикирин билдирди.

«Өлкө башчысынын Түркияга болгон расмий сапарында бир нече документтерге кол коюлду. Кыргызстан менен Түркүя бир тууган эл эмеспи. Ал эми аталган өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдогандын иш аракеттерин жакшы жака бааласак болот. Кыргызстан менен Түркиянын соода-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүү демилгесине токтоло турган болсок, жакшы жышаан. Президент Жапаровду Режеп Тайип Эрдоган кандай деңгээлде тосуп алганын көрдүк, мындан улам жолугушуудагы сүйлөшүүлөр ишке ашса керек»,-деди Исманов.

Количество просмотров: 259