• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Испанияда коронавирустан акыркы суткада 769 адам көз жумган

27 Жалган куран 2020 17:33 Бишкек Govori.TV

 Испанияда коронавирустан каза болгон адамдар көбөйүп жатат. Акыркы суткада бул илдеттен 769 адам көз жумганын чет элдик басылмалар жазды.

Ошондой эле бир суткада коронавирус боюнча 9 миң жаңы учур катталды.

Испанияда калктын дээрлик 19 пайызы 65 жаштан ашкан адамдар. Өлкөдө 11-апрелге чейин катуу тартиптеги улуттук карантин киргизилди. Учурда эпидемия Испанияда Италияга караганда бат тарап жатат. Муну менен катар эле бейтаптарга жасалма дем алдыруучу аппарат жетишпей, дарыгерлер жашоого көбүрөөк мүмкүнчүлүгү бар жаштардын өмүрүн сактап калууга аракет жасоодо.

Количество просмотров: 394