• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Ийнине ок жеген окуучунун абалы кандай? Уулангандар үчүн кылмыш иши козголду Соңку жаңылыктар 02.04.18

2 Чын куран 2018 15:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.04.2018.Govori.TV

Ийнине ок жеген окуучунун абалы кандай?

Бишкекте ийнине ок жеген баланын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдады. Анда 30-мартта Бишкектеги №38 орто мектептин 8-классынын окуучусу кокусунан классташын атып алган. Ыкчам-тергөө тобунун маалыматына ылайык, окуучу мектепке байкесине таандык куралды алып келген. Аны классташына көрсөтүп жаткан кезде тапанча атылып кетип, классташынын оң ийнине тийген. Бала 3-ооруканага жеткирилген. Учурда тергөө тарабынан баланын колуна тапанча кантип тийип калганын аныктоо иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары өспүрүмдөр менен иш алып баруучу инспекция кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Белгилей кетсек, окуучу балдардын мектепте курал алып жүрүшүнө байланышкан окуялар мурда катталган эмес.

Маршруттук каттамдардын талабы аткарылбайт

Маршруттук такси айдоочулардын жана эл ташуучу фирма-ишканалардын 2-апрелде коюп жаткан талаптарынын бири да аткарылбасын Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.Анда айтылгандай, 1-апрелде өкмөттүн 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган токтому күчүнө кирди.Ага ылайык, «кооптуу жүк ташыгандар, жүргүнчү ташыгандар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керек, албаса 500 сом айып пул салынат же машинелери айып жайына токтотулат. Жүргүнчү ташыган айдоочулар, таксисттер машинесиндеги ар бир орунду камсыздандыруусу тийиш.Шаар ичинде эл ташыгандар полис үчүн жылына ар бир орунга 136 сом 6 тыйын, айыл-шаарлар аралык, эл аралык каттамга чыккандар ар бир орунга 204 сомдон төлөйт деген мыйзам аткарылууга» тийиш.Учурда Бишкекте 120 каттам боюнча эл ташыган 40 фирма катталган. Күн сайын каттамга 2700дөн ашуун маршруттук таксилер чыгат. Булардын ичинен көпчүлүгү камсыздандырылган эмес.

Уулангандар боюнча кылмыш иши козголду

Бишкектеги «Ала-Тоо» ресторанында катталган массалык уулануу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу») жана 258-беренеси («Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу, сатуу же кызмат көрсөтүү») боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иштерин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди. Бул окуя боюнча учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө, — дейт Оморов. Белгилей кетсек 31-мартта борбор калаадагы “Ала-Тоо” ресторанында Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынан келген 190 адам катышкан үйлөнүү тою өтүп, андан ууланган адамдардын саны 140ка чукулдаганын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлоодо.

Количество просмотров: 13