• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Издөөдө жүргөн. «Женгонун» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

10 Бирдин айы 2023 15:07 Бишкек Govori.TV

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн районунда К. Досоновдун (“Дженго” деген кайманы ат менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү О.Н.Ж. жана анын шериктери кармалды.

О.Н.Ж. КР Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн Баткен райондук соту тарабынан 2021-жылы издөөгө алынган.

Кармалган адам Баткен районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Количество просмотров: 231