• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Изделип жаткан мурдагы министр Жунушалиев Москвада концерт көрүп отурабы?

16 Жетинин айы 2020 11:24 Бишкек Govori.TV

Мурунку Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге окшош адамды 15-ноябрда Москва шаарында Орусиянын полиция кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык концертте отургандыгы тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда тарады.

Ал эми Жунушалиевдин сол жагында отурган аял жубайы экенин айтышууда.

Белгилей кетчү жагдай, мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин концерт көрүп отурганы боюнча тараган видео быйыл тартылган эмес. Муну «Биринчи каналдын» расмий сайтына жарыяланган видео тастыктайт.

Сайтка жарыяланган концертте Жунушалиевди 1:04:33 мүнөттөн көрүүгө болот.

Эске салсак, 5-6-октябрдагы элдик толкундоодон кийин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кызматын таштап качып кеткен. Ал эми УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев менен мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев изделип жатканын президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 3-ноябрда Баткен облусундагы иш сапары учурунда билдирген.

Количество просмотров: 412