УКМК тарабынан саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияга каршы жасалып жаткан иш-чаралардын натыйжасында, Ош шаарынын №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы Т.А.Э. тарабынан, аталган медицина борборуна кызматка орноштуруу үчүн көп суммадагы акча каражаты талап кылынганы аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Мыйзамсыз сыйлык алуу) негизинде кылмыш иши козголуп, 2-октябрда оорукананын башчысы өзүнүн кызматтык бөлмөсүндө кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Бүгүнкү күндө, Ош шаарынын №9 медицина борборунун башчысы Т.А.Э. кызмат ордунан бошотулуп, козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө амалдары улантылып, кылмышка тийиштүү адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат.
УКМК саламаттыкты сактоо тармагында коррупцияга каршы күрөш улантылып жатканын эскертет, ошондой эле Кыргызстандын жарандары медицина тармагына кайрылуу учурунда, коррупциялык көрүнүштөргө дуушар болсо, тезинен УКМКга кайрылууну сунуштайт.