• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

 Үйдө бекилип калган 4 жаштагы бала куткарылды

30 Тогуздун айы 202317:57 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө куткаруучулар үйдө бекилип калган 4 жаштагы баланы чыгарышты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 30-октябрда саат 12:03тө Каракол шаардык №15 ӨКБнын нөөмөт бөлүмүнө 4 жашар бала үйгө камалып калгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.

«Көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 5-кабатындагы батирдин эшиги бекилип, 4 жаштагы наристе ичинде калган. 3 куткаруучу 5 кабаттуу турак үйдүн чатырынан алпинистик шаймандар аркылуу батирдин терезесин кирип, бекилип калган эшигин ачып беришкен»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда наристенин абалы жакшы, жабыр тарткан эмес.

Количество просмотров: 146