Сот материалдарына караганда, кыз 10-майда автоунаа жуучу жайда зордукталган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары боюнча жабырлануучуну бир эле учурда эки киши зордуктаганы аныкталган.
Алдын ала тергөө учурунда кызга физикалык күч колдонулганы айтылган. Бирок Бешарык райондук сотунун катчысы жабыралуучунун сабалганы тастыкталбаганын билдирди:
– Анын денесинен ур-токмоктун белгилери табылган эмес. Сот учурунда кыз өз каалоосу менен жыныстык катнашка барганы такталды. Мындан тышкары алар кызга беш миң сум ( бир доллардан аз) беришкен. Психиатордун бүтүмүнө ылайык, 13 жаштагы кыздын акыл-эси ордунда болгон. Бирок бул жумшартуучу кырдаал болуп эсептелтейт.
Ал ортодо 13 жаштагы кыздын адвокаты ишкерлер кызды алдап коюшканын, ал өз эрки менен жыныстык катнашка барбаганын билдирүүдө.
Соттун кийинки отуруму келерки жумага белгиленди. Жабырлануучу өспүрүм болгондуктан, жараян жабык өтүүдө.