• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Экстремизмдин алдын алуу боюнча эл аралык форум башталат

6 Бештин айы 2018 9:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.11.2018. Govori.TV.
Бишкектеги «Орион» мейманканасында бүгүн, 6-декабрда экстремизмдин алдын алуу боюнча эл аралык форум башталат.
«Экстремизмдин алдын алуу жана медианын ролу» деп аталган форум Европа биримдиги каржылаган «Борбор Азиядагы тынчтыкты колдоо» долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат.
Долбоорду «Интерньюс» уюму Ички иштер министрлиги жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен биргеликте ишке ашырууда.
Форум 8-декабрга чейин уланат. Кыргызстан, Казакстан жана Тажисктандын өкүлдөрү, эл аралык жана жергиликтүү эксперттер экстремизмге бөгөт коюу, диний экстремизмдин курмандыктарын реабилитациялоо, бул терс көрүнүштүн интернет аркылуу жайылышынын алдын алуу маселесин талкуулашат.
Количество просмотров: 19