Бишкек. 27.11.2018.Govori.TV
26-ноябрда «Азия-MIX» КВН командасынын капитаны Эльдияр Кененсаровдун жубайы Камила Абдил өзүнүн инстаграм баракчасына жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөнү боюнча билдирүү жазды.
Ал бул убакка чейин бардык кыйынчылыктарды убактылуу деп, чыдап жашап келгенин жана ушул чечимди туура тапканын айткан.
«Бир жолу жакын адамым жөнүндө жийиркеничтүү чындыкты билгенде гана көзүм ачылды. Бул учурдун канчалык ачуу жана оор болгонуна карабай мен ага мүмкүнчүлүк бердим. Дээрлик эки жылдан бери аны менен жаңыча бир нерсени тургузууга аракет кылдым, тилекке каршы андай болгон жок. Ошондуктан мен бул оор кырдаалдан чыгып, өзүмдүн жашоомду бүгүн жана азыр жашагым келди. Ажырашуу тууралуу сунушту өзүм киргизип, тынчтыкта,түшүнүшүү менен бир чечимге келдик»,- деп жазды Камила Абдил.
Ал эми бул посттун артынан эле Эльдияр Кененсаров билдирүү жазып, алардын ажырашканы чындык экенин жар салды. Бирок ал аз убакыт өтпөй жубайы менен түшкөн сүрөтүн жана жазган посттун өчүрүүгө жетишти.
Учурда алардын күйөрмандары бул окуяга ишене албай, алардын жарашуусун өтүнүшүүдө.
https://www.instagram.com/p/BqpCzsQjdnA/?utm_source=ig_share_sheet&igshid=1v7yk1jbi2d9d