• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бала багып алуу боюнча пикир айтышты

8 Тогуздун айы 2018 12:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 08.10.2018.   Govori.TV
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Таалайгүл Исакунованын АКШга жасаган иш сапары тууралуу түшүндүрмө берди. Мекеменин маалыматы боюнча, 2017-жылдын 6-9-ноябрь күндөрү министр 3 кызматкер менен Вашингтонго барышкан.
Анда алар «Инновациялар аркылуу туруктуу ишенимдин жетишкендиктери» глобалдык симпозиумуна катышкан. Бул иш-чаранын максаты жаңы программалык камсыздоо менен тааныштыруу болгон.
Мындан тышкары, министрлик эл аралык бала багып алуу маселелери боюнча түшүндүрүп, АКШ тараптын суранычы боюнча, Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү менен жолугушууда эл аралык бала багып алуу менен алектенген америкалык агенттиктерди кайра аккредитациядан өткөрүү тууралуу кеп болгонун айтат. Бул жолугушууда аккредитациялоо маселеси укук коргоо жана коопсуздук кызматы менен макулдашуу зарыл экени айтылган.
Эске салсак, буга чейин 5-октябрда депутат Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова АКШга чуулуу темага байланыштуу барганы, ал иш сапары жөнүндө отчет берилбегенин айтып чыккан.
Количество просмотров: 43