• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде Жылдыз Полотованы сый менен узатышты

5 Жетинин айы 2018 9:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.11.2018. Govori.TV
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жамааты мурдакы орун басары Жылдыз Полотованы сый менен узатышты. Бул тууралуу маалымат кызматы билдирет.
Жыйында социалдык өнүгүү саясатын жүргүзүүгө жоопкерчилик ыйгарылган жаңы министр Улукбек Кочкоров министрдин мурдагы орун басары Жылдыз Полотованын ордун баса белгилей кетти.
«Сиз бул тармакта көп жылдар бою эмгектенүү менен өз атыңызды калтыра алдыңыз. Министрликте ар бир тажрыйбалуу муундан тартып жаш муунга чейинки адистер, Коомдук кеңештин мүчөлөрү Сиздин кесипкөйлүгүңүздү, ак ниеттүлүгүңүздү, эмгекчилдигиңизди жана адамгерчилигиңизди баса белгилеп айтууда. Демек, сиз эл оозунда атын калтыра алган кесипкөй адис катары өзүңүздү көрсөттүңүз деп билем», — деди Улукбек Кочкоров.
Маалыматта министрликтин ар түрдүү тармагын жетектеген бөлүм башчылар, адистер Жылдыз Полотованын кесипкөйлүгүн белгилешкен.
Эскерте кетсек, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министинин мурдакы орун басары Зууракан Каденованын Кореядагы чырынан кийин мекеменин жетекчилигинин чет жакка иш сапарлары текшерүүгө алынып жыйынтыгында Таалайкүл Исакунова жана орун басарлары Лунара Мамытова менен Жылдыз Полотова иштен бошотулду.
Экөөнө тең министрликтин жаматы мындай сый көрсөтүп узаткан эмес.
Количество просмотров: 32