• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Эрдоган жубайын Тамчы аэропортунда 1,5 саат күттүбү?

6 Аяк оона 2018 16:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.09.2018.Govori.TV.
3-сентябрда Кыргызстандын жана Түркиянын Президенттеринин жубайлары Ысык-Көлдөгү “Кырчын” этношаарчасында көчмөндөрдүн маданияты менен таанышышкан.
Алар этнобазарды кыдырышып, кыргызстандыктар менен баарлашышкан. Андан соң кетээр убагы келгенде Кырчындан шаарга болгон унаа арбындыгынан тыгын пайда болуп, Түркиянын Президентинин жубайы Эмине Эрдоган дагы тыгында 1.5 сааттай турганы тууралуу, өздүк булак билдирди.
Ошол убакытта Режеп Тайип Эрдоган Тамчы аэропортунда жубайын күтүп турганы белгилүү болду. Бул казустан кийин тиешелүү министирликтердин жетекчилери сөгүш алганы айтылды.
Жакынкы арада күнөлүүлөр жазаланып, айрымдары кызматынан бошотулушу мүмкүн.
Бирок, бул инцидент Түркиянын Президентинин жана анын жубайынын көңүлүн түшургөн эмес окшойт. Анткени алар социалдык баракчаларында Кыргызстандагы сапары тууралуу жакшы оюн билдиришкен.
Режеп Тайип Эрдоган, Жээнбековго жана кыргыз элинин меймандостук менен тосуп алгандарына терең ыраазычылык билдирген.
Ошондой эле биринчи айым Эмине Эрдоган дагы өзүнүн Твиттер баракчасына Кыргызстандагы визити  тууралуу видео жасап киргизип, унутулгус сапар болгонун жазды.“Биз Кыргызстандан эсте калаарлык маанай менен кайтып келдик. Көчмөндөр жашоосунун ар кандай аспектилерине күбө болдук. Ч.Айтматов атындагы китепкананын жана маданий борбордун ачылышына катыштык”,-деп жазган.

https://govori.tv/jerdogan-kyrgyzstanga-zhasagan-sapary-bojuncha-pikirin-zhazyp-t-rk-prezidenti-zhjejenbekovgo-yraazylygyn-bildirgen/

Количество просмотров: 35