• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Үймө-үй кыдырып маалымат чогулткандар Статкомдун кызматкерлери эмес

2 Аяк оона 202013:10 Бишкек Govori.TV

Улуттук статистикалык комитети эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоо иш-чарасын өткөрүү мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылганын эскертет. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда эл каттоо жүрүп жатканын айтып, белгисиз адамдар үймө-үй кыдыруу менен алдыдагы шайлоо үчүн маалымат чогултуп жатышкандыгы тууралуу айтылууда.

«Улутстатком эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралары 2020-жылдын 23-мартынан тартып 1-апрелине чейин өтө тургандыгы тууралуу маалымдаган. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоо иш-чарасын өткөрүү мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылган. Улуттук статистика комитети эл жана турак жай фондун каттоосун өткөрүү боюнча учурда эч кандай иш-чаралар жүргөн жоктугун расмий түрдө билдирет», — дейт мекеме.

Количество просмотров: 45