• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Көчөдө бычак көтөрүп жүргөн жаран кармалды

8 Кулжа 2023 14:18 Бишкек Govori.TV

Чүй облусуна караштуу Восток айылында колуна бычак кармап, көчөдө жүргөн жаран кармалып, милицияга жеткирилди.

Облустук милициядан билдиришкендей, 8-июнда соцтармактарга Восток айылында көчөдө бычак көтөргөн адам айыл тургундарынын дарбазаларын каккылап жатканы тартылган видео тараган.

Бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

«1983-жылы туулган жаран Восток айылынын тургуну экени жана ал мас абалында болгону аныкталды. Териштирүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен коомдук тартипти бузган адамга карата мыйзамга ылайык чара көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 228