• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Көчө шыпырган апага сезондук кийим тапшырган көрүнүш талкуу жаратты

26 Аяк оона 202112:45 Бишкек Govori.TV

 «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын жумушчулары сезондук жаңы формаларга ээ болушту. Бул  тууралуу маалымат аталган ишкананын Фейсбук баракчасына жарыяланды.

Анда жумушчуларга ишкана тарабынан сезондук кийимдер, эмгек куралдары акысыз берилип турары айтылган. Жаңы кийимдерди ишкана жетекчиси Нурбек Исмаилов жумушчуларга тапшырып жатканын көрүүгө болот.

Деген менен мындай көрүнүш социалдык тармакта талкуу жаратты. Интернет колдонуучулар «Ош-Тазалык» жарыялаган сүрөткө нааразы пикирлерин жазышууда.

Количество просмотров: 1360