• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президент катышкан сабакта тактага туура эмес жазылган сөз талкуу жаратты. Министрлик эмне дейт?

26 Тогуздун айы 2021 11:49 Бишкек Govori.TV


25-октябрда президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Мыкан айылындагы мектептин салтанаттуу ачылыш аземине барып, башталгыч класстын окуучуларынын сабагына катышкан.

Интернет колдонуучулар тактадагы топтун астына «мяч» деп жазуунун ордуна «мяк» деген сөз жазылганын талкуулашты. Айрымдары мугалим мындай жол менен окуучулардын орфографиялык билимин текшерет деген пикирлерин жазышты.

Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинен төмөнкүлөрдү билдиришти.

«Тактадагы жазуу атайын жазылган. Мугалим окуучулардын билим деңгээлин, мурдагы өткөн темаларды текшерүү үчүн атайылап ката жазган. Бул жерде окуучулар ката жазылган сөздү табышы керек болчу. Мунун максаты окуучулар туура жазууну өздөштүрүү. Мугалим өз сабактарында мындай методиканы көп колдонот», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 4175