КТРКда өтүп жаткан дебат учурунда «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова «Мекеним Кыргызстан» партиянын лидери Мирлан Бакировго суроо узатып, азыркы учурда коомдун талкуусуна алынып жаткан форма 2 боюнча көз карашына кызыкты. Сооронкулова өз суроосунда жарым миллионго жакын жаран форма 2 менен каттоого туруп, жер которуп жатышканын билдирди. Жана талапкер бул үчүн акча төлөнүп жатканын айтып, Бакировго каражатты кайдан таап жатасыздар деп суроо узатты.
Сооронкулованын суроосуна жооп берген Бакиров, кыргыз эли негизи көчмөн калк да деди.
«Сиз укуктук жагын жакшы билген талапкерсиз, ар бир жаран өзүнүн жашаган жерин алмаштырууга акылуу. Конкреттүү фактылар болсо тийиштүү органдарга кайрылып тактап алсаңыз болот. Куру доомат бул жерде туура келбейт», — деген пикирин билдирди.
Бакировдун жообу дебаттын катышуучуларын күлкүгө бөлөсө, социалдык тармактын колдонуучуларынын талкуусуна жем болду.